Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана жарандардын абалын аныктыгын каттоо /ЖААК/ департаментинин Баткен райондук, шаардык бөлүмүнүн калкты тейлөө борборунун жүргүзүп жаткан иштери жана шаар калкынын паспорт менен камсыздалышы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 27-декабры № 01-10/59 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана жарандардын абалын аныктыгын каттоо /ЖААК/ департаментинин Баткен райондук, шаардык бөлүмүнүн калкты тейлөө борборунун жүргүзүп жаткан иштери жана шаар калкынын паспорт менен камсыздалышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз Баткен райондук жана шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо ( ЖААК ) бөлүмү Баткен районунун жана шаарынын калкына төмөнкүдөй юридикалык кызмат көрсөтүлгөн.
1. Туулгандыгы тууралуу каттоо актылары – 3194
2. Никени каттоо актылары - 923 ( салтанатуу тапшыруу- 53 жолу) ,
3. Никени ажыратуу каттоо актылары - 140 ( анын ичинде соттун чечиминин негизинде ажырашкандар - 114)
4. Өлгөндүгүн каттоо актылары – 488 (анын ичинде бир жашка чейинки - 66 )
5. Аталыкты аныктоо актылары – 571 ( анын ичинде соттун чечиминин негизинде 9)
6. Бала асырап алуу актылары - 8
7. Фамилиясын, атын өзгөртүү актылары - 776
8. Каттоо актыларын калыбына келтирүү актылары – 5
9. Жарандарга персоналдык идентификациалык номерин берүү - 9709
Баткен райондук шаардык ЖААК бөлүмү тарабынан 2017 жылдын 11 айында 6105 жарандык абалдын актыларына каттоо жүргүзүлгөн. Мамлекетке26545 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жаранды кабалдаган актыларын каттоо департаментинин атайын счетуна тушкон. Андан сырткары гербдүү бланкалар үчүн-116441 сом , жөнөкөй бланкалар үчүн – 6329 сом , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин атайын счетуна төгүлгөн. Кызмат акы – никени салтанаттуу тапшыруу үчүн 29468 сом өндүрүлгөн. . Бирок ЖААК тарабынан калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө карабастан, мекеменин кызматкерлери үчүн иш кабинеттери жана иш үстүндөгү шарт түзүлгөн эмес. Атап айтканда бардык кызматкерлер бир кабинетте олтурушат.Ал жерге жарандар өздүк купуя сырлары менен кайрылууга бир топ ыңгайсыздыктар жаралат. М: жайкы мезгилде жарандардын көптүгүнөн мекемеде ар кандай жагымсыз жыттар чыгып, жагымсыздыкты жаратат.Жыт чыгаруу үчүн терезелердин форточкалары ачылбайт. Атуулдар купуя сырын айтууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан ЖААКтын кызматкерлери үчүн иш кабинеттеринде шарт түзүү жагы зарыл. Баткен райондук ПВКИБу 1 шаар мэриясын жана 9 айыл өкмөтүн тейлейт Баткен районунун 2 жеринде жайгашкан Алар: 1.Баткен райондукПВКИБу- Баткен шаарында Самаркандек айылдык ПВИКБу -Самаркандек айылында. Баткен райондук ККПБдө жалпысынан 8 кызматкер эмгектенет Бөлүм башчысы, 2 башкы адис, 3 адис, 2 иш жүргүзүүчү. Тейлеген аймакта 2017-жылы паспортко муктаж деп табылгандардын саны 980 атуулду түзгөн. Анын ичинен:1994-жылкы паспорттор – 77 атуул Мектеп окуучулар – 758 окуучу Колунда 1974-жылкы үлгүдөгү СССРдин паспорту бар атуулдар – 16 адам Убагында паспорт албай калган жарандар -19 Паспортун жоготуп алган атуулдар 110 адамды түзөт. 2017-жылдын 11 ай ичинде бары болуп 14418 арыз кабыл алынып, 14340 паспорт берилген. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандык паспортуна 10087 арыз кабыл алынып, 10202атуулга КРнын жарандык паспорту берилди. Ал эми КРнын жалпы жарандык паспортуна 4331 арыз кабыл алынып, 4138 атуулга КРнын жалпы жарандык паспорту берилди. 2017-жылдын 2-май күнүнөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандык (биометрикалык) паспорту менен 7002 атуул камсыз болду. Кыргыз Республикасынын жарандуулугун кабыл алуу боюнча: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча кароонун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, этникалык кыргыздардан бары болуп 130 арыз кабыл алынып Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук маселелери боюнча комиссияга кароо учун жөнөтүлгөн бүгүнкү күндө арыз берген атуулдардын 38 жаранга Кыргыз Республикасынын Президентинин ЖАРЛЫГЫ келген. Кыргыз Республикасынын Президентинин «тарыхий мекенине кайтып келе жаткан кыргыз этносундагы атуулдарга колдоо көрсөтүү боюнча 2002-жылдын 29-августундагы № 269 буйругунун талаптарына ылайык районубуз менен чектешип кыргыз улутундагы Тажик Республикасынын жарандары болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2000-жылдын 23-июнундагы кабыл алынган ТЫШКЫ МИГРАЦИЯ жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышында бүгүнкү күнгө карата туруктуу жашоо үчүн көчүп келип каттоого турган имигранттардын саны 413 атуулду түзөт. Башка жылдарга салыштырмалуу каттоодон бир отоло чыгып кеткен атуулдардын саны кескин түрдө кыскарды. Ошондой эле Баткен райондук ККПБу бүгүнкү күндө КРнын жарандык паспортун алууда, алмаштыруу шарты туура келбеген райондун жана шаардын аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын жана кары картандардын документтерин уйлорундө көчмө (выездной) чемодан менен Кайынды, Жанырык, Таян, Боз-Адыр, Газ, Согмент, Кызыл-Жол, Баткен шаарынан 19 документтерин кабыл алып бүгүнкү Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту менен камсыз болду. Баткен калкты тейлөө борбору менен ЖААК биргеликте олтургандыгын шаар менен райондордон келген жарандарга толугу менен кызматты корсотушуп элдин муктаждыгын чечип келе жатат бирок иште кемчилик болбойт деген дей калкты тейлөө борбору менен ЖААК тын имаратынын таардыгы ачык корсотуп жаткандыгы көрүнүп турат булл жерд ежагымсыз жыт жана тыгынды жаратып кезек күткөн адамдарды көрсөтүп тургандыгы ошондой эле мекеменин жетекчисинде өзүнчө иштөө орду жок. Бириктирилген эки мекеменин иштөө шарты жок. Жогорудгылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК-ЗАГС (жарандардын абалын аныктын катоо) департаментинин Баткен райондук, шаардык бөлүмүнүн, калкты тейлөө борборунун жүргүзүп жаткан иштери жана шаар калкына паспорт менен камсыздоодо аткарылып жаткан иштери белгиленсин.
2. Аталган мекемелерге кошума иш кабинеттерин кошу жана кызматкерлер үчүн иштөө шартын түзүү үчүн республикалык бюджеттен колдоого сунуштоо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылмыштуулук, депутаттык мандат,этика жана Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Ташбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.