Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Боо-Терек айылдык кеңешинин «Бакай-Ата райондук Кеңешинин 2011-жылдын 25-майындагы №35 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 14-майындагы №01-16/108 сандуу сунуш каты», «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги №199 Жарлыгын «Айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдалануу стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө» айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин абалын тактап чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXII сессиясы
2011-жылдын 17-июну № 3 «Бакай-Ата райондук Кеңешинин 2011-жылдын 25-майындагы №35 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 14-майындагы №01-16/108 сандуу сунуш каты», «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги №199 Жарлыгын «Айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдалануу стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө» айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин абалын тактап чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруу жөнүндө»
Бакай-Ата райондук Кеңешинин 2011-жылдын 25-майындагы № 35 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 14-майындагы №01-16/108 сандуу сунуш каты», «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 Жарлыгын «Айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдалануу стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө» айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин абалын тактап чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында, Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттарынын кезексиз XXII сессиясы карап, талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунда айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин абалын тактап чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
1). Жоробеков Таалай-Бакай-Ата райондук Кеңешинин депутаты;
2). Кермалиев Идирис-Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси;
3). Аблаев Джанышбек-Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси;
Туруктуу жер комитетинин депутаттары:
4). Бейшебаев Эрнис-Боо-Терек айыл округдук Кеңешинин депутаты;
5). Алымбеков Жоодар-Боо-Терек айыл округдук Кеңешинин депутаты;
6). Нарботоев Доолоткан-Боо-Терек айыл округдук Кеңешинин депутаты;
7). Бабурбеков Мурат-Боо-Терек айыл округдук Кеңешинин депутаты;
жана башка каалоочу-Боо-Терек айыл округдук Кеңешинин депутаттары комиссия мүчөлүгүнө кошулса болот.
2. Боо-Терек айылдык округунда айыл чарбасына жарактуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин абалын тактап чыгуу үчүн түзүлгөн комиссиясы, Бакай-Ата райондук Кеңешине, КБФнын жерлери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун ишке ашырылышынын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага
Э. Смайылбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.