Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017 -жылдын 27 -январындагы № 13/11-27 «Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө» токтому
This document has been repealed
This document is marked as «Утратил силу» in the registry. Do not cite it in current documents without checking the current edition. Repealed pursuant to «Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018 жылдын 27- июнундагы № 62/X-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияныбекитүү жөнүндө" токтому». The current edition is dated 2017-01-27.
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 62/X-27 токтомуна ылайык күчүн жоготту
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017 -жылдын 27 -январы № 13/11-27 Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 571 номерлүү “Муниципалдык” менчикте катталган жер тилкелерин ижарага жана жеке менчикке берүүнүн шарттары тууралуу типтүү жобо жана “ФПС жер тилкелерин ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекиген типтүү жобого ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин, кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага жана менчикке берүү боюнча аукцион, конкурс жана торук өткөрүү максатында Узун-Кыр айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча комиссиясы төмөнкү түзүмдө жана комиссиянын 1-тиркемедеги иш регламенти бекитилсин:
1. Кадыркулов Т.А. – Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча комиссиянын төрагасы;
2. Джумабек уулу Радик - Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Усупбаева Т.Д - Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;
4. Чокошов С.А. – Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы
5. Душекеев К.А.- Узун-кыр айылдык кеңешинин депутаты
6. Абиров А.Б. Жер-Казар айылынын тургуну
7. Самсалиев А. – Жер-Казар айылынын тургуну
8. Сыдыгалиев М.И. – Төмөнкү-Норус айылынын тургуну
9. Алыбаев Т.А – Төмөнкү – Норус айылынын тургуну
10. Ысык-Ата районунун архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча;
11. Ысык-Ата районунун кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо боюнча башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча;
2. Узун-кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, муниципалдык менчик жана аукцион, конкурс жана торук өткөрүү боюнча комиссиясына ФПС, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча шартка ылайык аукцион, конкурс жана торук уюштурулуп өткөрүлсүн.
3. Узун-Кыр айылдык кеңешини 2016-жылдын 13-июнундагы № 137/ ХХ11-26 “Жер комиссиясынын түзүмүн бекитүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготуу деп эсептелинсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ж.А. Малабаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.