Күн-Чыгыш айылдык Кенешиин 2018-жылдын 13 -февралы № 1 «Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КҮН ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылышынын XI- сессиясы 2018-жылдын 13 -февралы № 1 Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл аймагында калктын 99,8 % ы кыргыз улутунда, калганы 0,02%ы калк мамлекеттик тилди өздөштүрө тургандыгын эске алып, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-ж.№ 743 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.Шакировага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырам.
Төрага
Ж. Баялиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.