Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ананьев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12 -декабрындагы № 27/12-2 «Турак үй салууга врачтарга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы 2017-жылдын 12 -декабры № 27/12-2 Турак үй салууга врачтарга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ананьев айлынын больницасында иштеп келишкен үч врачка турак үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлынын аймагынан больницада иштеп жатышкан үч врачка турак жай салууга Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жер тилкеси бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага
Кубат уулу Т.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.