Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бүргөндү айылдык кеңешинин “Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин эки айлык эмгек акы менен айылдык кеңештин төрагасы К.Осконбаевти бир жылдык өткөргөн сессиялары үчүн төлөнүүчү компенсацияларынын өлчөмүндө акча каражаты менен сыйлоо жөнүндө” токтому
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы 2016-жылдын 22-декабры № 1 “Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин эки айлык эмгек акы менен айылдык кеңештин төрагасы К.Осконбаевти бир жылдык өткөргөн сессиялары үчүн төлөнүүчү компенсацияларынын өлчөмүндө акча каражаты менен сыйлоо жөнүндө” Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине эки айлык эмгек акы өлчөмүндө, ал эми айылдык кеңештин төрагасы К.Осконбаевти бир жылдык өткөргөн сессияларынын өлчөмүндөгү акча каражатын сый акы катары ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000 (үч миллион) сом акча каражатынын эсебинен айыл Өкмөттүн аппарат кызматкерлерине эки айлык эмгек акынын өлчөмүндө айлык катары 538410 (беш жуз отуз сегиз мин төрт жүз он) сом акча каражаты ал эми айылдык кеңештин төрагасы К.Осконбаевтин бир жылдык өткөргөн сессияларынын компенсациясынын өлчөмүндө 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага
К.Осконбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.