Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезектеги V сессия
2018-жылдын 20-февралы № 4 “Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуучу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу тарифтерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 31.01.2018-жылдагы чыг.№06-5/56-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча турктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында, Токтогул жана Жеӊиш эс алуу бактарында жер тилкелерин ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында ушул токтомду жетекчиликке алып, өз ишмердүүлүгүн ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы милдеттендирилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланып, 2018-жылдын 1 мартынан тартып күчүнө кирет.
Төрага
М.Тагаев
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-ж кезектеги V сессиясынын №4-токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты, Токтогул жана “Жеңиш” эс алуу бактарындагы ижарага берилген жерлерден алынуучу бирдиктүү ижара акынын тарифи.
№
Зонасы
1 чарчы метр жер тилкесинин учурдагы колдонулган тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы
1 чарчы метр жер тилкесинин бекитилген жаӊы тариф боюнча эсептелген бир айлык ижара акысы
5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелери
1-зона Токтогул эс алуу багы жана Эркиндик аянты
11,25сом*3=33,75сом
1 м2 = 50 сом
5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге
4-зона “Жеңиш” эс алуу багы
9сом*3=27сом
1 м2 = 50 сом
5 жылга чейинки мөөнөткө берилген жер тилкелерге
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы
Б.Беркбаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-февралындагы № 8 «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 20.02.2018 · № 8
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force