Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Осмонкулов айылдык кеңешинин «Таза Суу «ИСКАКБ «Үч-Кошой» 2017-жылдагы суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө жөнүндө» токтому
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-майы № 10 «Таза Суу «ИСКАКБ «Үч-Кошой» 2017-жылдагы суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө жөнүндө» Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясынын №12 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык ИСКАКБ «Үч-Кошой» дун жетекчиси Э.Чаловдун ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө керек экендиги боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге төмөндөгүдөй айып пул төлөө жагы бекитилсин:
Суу чоргого: Кир жуугандарга 500 сом Автоунаа жуугандарга 500 сом Люктун ичине уруксаты жок киргендерге 2000 сом Огород сугаргандарга 5000 сом Суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге 3000 сом Суунун баштапкы бөлүмүнө мал киргизгендер: Бодо малга 500 сом Кой эчкиге 200 сом Суу пайдалануудан баш тартып кайра пайдалангандарга 1000 сом Суу чоргонун жанынан мал сугаргандарга 1000 сом
2. Ушул токтомдун негизинде КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин макулдашуу жагы ИСКАКБ “Үч-Кошой” дун жетекчиси Э.Чаловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айылдык аймагынын коммуналдык менчик боюнча адиси М. Райымбековго жүктөлсүн
Төрага
А.Джумаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.