Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Көл шаардык кеңешинин «Кара-Көл шаарына караштууЖазы-Кечүү айылы жана Кетмен-Төбө шаарчасынын аймагында жеке менчик үй курууга жер бөлүп берүү жана Кара-Көл шаары Жазы-Кечүү айылы жана Кетмен-Төбө шаарчасынын аймагында мурдатан курулган үйлөрдүн жанажеке менчик үйлөрдүн тиешелүү жер аянтын мыйзамдаштыруу нормасы жөнүндө» токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну №91/33-6 Кара-Көл шаарына караштууЖазы-Кечүү айылы жана Кетмен-Төбө шаарчасынын аймагында жеке менчик үй курууга жер бөлүп берүү жана Кара-Көл шаары Жазы-Кечүү айылы жана Кетмен-Төбө шаарчасынын аймагында мурдатан курулган үйлөрдүн жанажеке менчик үйлөрдүн тиешелүү жер аянтын мыйзамдаштыруу нормасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 5-пунктунун жана КРӨ 06.05.2005-жылдын №177 токтому менен бекитилген жеке менчик үй курууга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 5-пунктунун негизинде жеке менчик үй курууга жер бөлүп берүүдө Жазы-Кечүү айылында 0,08 га, Кетмен-Төбө шаарчасында 0,06 ганормасына ал эмимурдатан курулган үйлөрдүн жана жеке менчик үйлөрдүн тиешелүү жер аянтын Мыйзамдаштырууда Кара-Көл шаарында 0,06га Жазы-Кечүү айылында 0,08га жана Кетмен-Төбө шаарчасында 0,06га нормасына бекитипберүү жөнүндөКара-Көл шаардык мэриянын кайрылуусун талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХХIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик үй курууга жер бөлүп берүү нормасыЖазы-Кечүү айылында 0,08 га, Кетмен-Төбө шаарчасында 0,06 га болуп бекитилсин.
2. Мурдатан курулган үйлөрдүн жана жеке менчик үйлөрдүн тиешелүү жер аянтын мыйзамдаштыруу нормасы Кара-Көл шаарында 0,06га, Жазы-Кечүү айылында 0,08га жана Кетмен-Төбө шаарчасында 0,06га болуп бекитилсин.
3. Кара-Көл шаардык мэриясыныналдындагы жеке менчик үй курууга жер бөлүп берүү комиссиясы жеке менчик үй курууга нормадан төмөн жер бөлүү арыз менен кайрылгандардын макулдугу менен жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга ( Н.С.Жекшеев), көзөмөлдөө Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Тѳрага
Женбеков М.К.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force