Т.Кулатов айылдык Кеңешинин «Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 24-декабры №9-11 Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселесин «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрындагы 2014-жылдагы №182 мыйзамында «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасы 30 % көтөрүлүп-суулуу айдоо жерди 536,9 тыйынга ,ал эми кайрак айдоо жерди 80,99 тыйын, көп жылдык бакты 302,90 тыйынга көтөрүү сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. 2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага
А. Топчубаев
Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын № 11 токтомуна тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2018-жылга айылдык бюджетке түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыктарынын түрлөрү үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
№
Салыктын түрлөрүнүн аталыштары
2017-жылга базалык ставкасы (сом) айылдык кеңештин чечими менен
2018-жылга карата (сом)
Жалпы суммасы
1
Суулуу жер салыгы
413 сом
123,9
536,9
2
Кайрак айдоо жери
62,30
18,69
80,99
3
Көп жылдык бак
233 сом
69,9
302,90
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы:
А. Жээнбаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 4
Related documents (4)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2018 год и прогнозе на 2019-2020 годы»Закон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force
- Закон «О местном самоуправлении и местной государственной администрации»Закон · 29.05.2008 · № 99 · No longer in force
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · No longer in force