Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты №12/1 Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы №31 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын «02» март 2018-жылдагы Актысы бекитилсин.
2. “Көк-Күмбөз” участкасындагы “Чалчык” кыштоосун жана “Түз-Ашуу” участкасын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна алуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинен суралсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Касейиновго милдеттендирилсин.
Тѳрага
Ж. Дүйшеев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- "Положение о порядке проведения инвентаризации земельного фонда Кыргызской Республики" (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 3 марта 2014 года № 114)Положение · 03.03.2014 · № 114
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force