Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин «Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө» токтому
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-январы № 1/3 Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуков Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүндө кызматтык авто унаа тартышы жөнүндө Баш-Кууганды айылында ар кандай чарбалык жумуштарды бүтүрүүдө авто унаанын тартыштыгынан бир топ кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтып, ошонун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына бир авто унаа керек экендигин, ошол авто унаа үчүн айылдык Кеңештин макулдугун алууга карата жазган сунушун угуп жана талкуулап Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында кызматтык авто унаа тартыштыгына байланыштуу, кызматтык авто унаа менен камсыз кылуу жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан суралсын.
2. Авто унаа Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлсүн, ал авто унааны айыл өкмөтүнүн балансасына кармап турууга, оңдоого, ремонтуна жана авто унаанын майына (ГСМ) акча каражаты Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, авто унааны суроо жагы жана авто унааны Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына которуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынан мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.
Төрага
К. Ажыгулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 14 августа 2006 года № 580 "О проекте Закона Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях"Постановление · 14.08.2006 · № 580 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2004 года № 888 "О проекте Закона Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях"Постановление · 04.12.2004 · № 888 · No longer in force