Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Мады айылдык кеңешинин 2016–жылдын 20-февралындагы № 18/90 «Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылда бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
МАДЫ АЙЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын мады айылдык округдук кеңешинин кезектеги (V-шайланган) ХVIII-сессиясы
2016–жылдын 20-февралы №18/90 «Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылда бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылда бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болумунун башчысы М.Шабдановдун маалыматын угуп,талкуулап Мады айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата Мады айылдык округдук кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 31761,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айылдык округунун аймагындагы мекеме ишканалар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акчаны аймактык казына болумдору аркылуу жургузушсун, оз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар оз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана корголгон статьяларды биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын (эмгек акы,соц.фонд, тамак аш ж.б.).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы № 403 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратында жалпы саны 39 штат: анын ичинен 10 айыл башчы (эмгек акылары жетектөөчү адистин денгээлинде эсептелсин),5 ВУС инспектору жана 4 тейлоо кызматкерлери бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлеринин жалпы саны 8 штат: анын ичинен 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
6. Жыл ичинде айылдык округдун башчысына,ФЭБ башчысына айылдык кенетин финансы,бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин макулдашуусу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 29-октябрынан 12-ноябрына чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтерди жоюу жана мындан кийин катачылыктарга жол бербөө жагы Мады айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Шабдановго эскертилсин.
8. Кыргыз Республикасынын каржы миңистрлигинин 2015-жылдын 11-декабрындагы №14-02-2-13450-каты жана Кара-Суу райондук каржы болумунун 2015-жылдын 15-декабрындагы №182-катынын негизинде 5,4миң сом республикалык бюджетке кайтарылсын.
9. Айылдык округдун 2015-жылдан калган негизги бюджеттен калдык кирешесинин эсебинен 761,0 миң сом акча каражаты,атайын каражаттар эсебинен 46,5 миң сом акча каражаты 2016-жылга кошумча сметасы бекитилсин.
10. Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 31415,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 30961,5 миң сомго аткарылганы менен бекитилсин.
11. Мады айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 31761,4 миң сомго,2017-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгү 31602,2 миң сомго, ошондой эле 2018-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгү 32747,5 миң сомго бекитилсин.
12. Мады айылдык округунун 2016-жылдагы бюджетинин кирешесинен 314,4 миң сом резервдик фондко киргизилсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Султанбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · No longer in force