Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXIV-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы 2017-жылдын 22-декабры № 34 «Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме №1).
2. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага
Бараканов Р.Т
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫПостановление · 22.12.2017 · № 34
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force