Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин «Жайыт комитетинин 2017-жылга жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ VI I чакырылышынын 4 сессиясы
2017-жылдын 29-марты № 15 Жайыт комитетинин 2017-жылга жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кенешинин 7-чакырылышынын 4-сессиясында каралган маселе: Жайыт комитетинин 2017-жылга жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитуу.
Жайыт комитетинин төрөгасы Э.Азамбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 4-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон-Ата айыл аймагында 15-майда жазгы талаа жумуштар башталгандыгына байланыштуу жаздоого 15-25-майдан баштап жаздоого көчүрүлсүн.
Өз убагында көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 1000(мин) сомдон айып салынсын.
2. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн.
3. Жайлоого көчүү 1-июндан 10-июнга чейин ,ал эми күздөгү көчүп келүү 1-октябрга чейин белгиленсин.
4. Айдоо аянтына жана көп жылдык чөптүн аянтына кирип зыян келтирген малдардын ээлерине төмөндөгүдөй айып өлчөмдөрү бекитилсин.
5. Мөөнөтүнөн мурда Жайлоодон күздөөгө көчүп келген малчыларга 1800 сом айып төлөнсүн.
6. Негизи Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 23-майындагы № 301 токтому мал ээлерине бир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилсин.
7. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүү малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон-Ата айыл аймагынын башчысы А.Мамбетовго тапшырылсын.
9. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага
С.Кылданов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 23 мая 2003 года №301 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 23.05.2003 · № 301 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 30 июля 2007 года № 297 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Постановление · 30.07.2007 · № 297 · No longer in force