Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Т.Зулпуев айылдык кеңешинин «Т.Зулпуев атындагы айыл кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө» токтому
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ бешинчи чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2013-жылдын 07-июну № 6/6
Т.Зулпуев атындагы айыл кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүллөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26 беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамалекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамалекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Т.Зулпуев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл кеёештин аймагында жашаган адамдардын дээрлик баары мамлекттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого жана мамлекттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Т.Зулпуев айылдык кеңешинин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Э.Султанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Постановление Правительства КР от 9 марта 2007 года №73 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики «О реорганизации свободной…Постановление · 09.03.2007 · № 73 · No longer in force