Сарай айылдык кеңешинин «Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI шайланган) кезектүү V сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 1 Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, бир нече сыйлыктардын ээси Абдраимов Абдыкасымдын атын ыйгаруу үчүн уулу К.Абдраимовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын “Батыш” көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Абдраимов Абдыкасымдын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы уулу К.Абдраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага
Э.Арзиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 15 января 2007 года № 14 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О признании…Постановление · 15.01.2007 · № 14 · No longer in force