Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токтогул шаардык кеңешинин «2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2017-жылдын 01- ноябры № 133 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев 2017-жылдын 9 ай ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.
М.Калмурзаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 9 ай ичинде шаар аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча пландалган иштердин негизинен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
К.Дербишев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 10 января 2007 года №5 "О проектах законов Кыргызской Республики «О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О банках и…Постановление · 10.01.2007 · № 5 · No longer in force