Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кербен шаардык кеӊешинин «Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмын ыйгаруу жɵнүндɵ» токтому
Status unknown
This document has no clear status in the registry. Check the source before citing it.
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 7/4 Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмын ыйгаруу жɵнүндɵ «КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 27-октябрындагы «Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы З.Боронбеков, С.Айманбетовдор жашаган кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмын ыйгаруу жɵнүндɵ» № 10 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын борбордук стадионунун батыш жагындагы З.Боронбеков, С.Айманбетовдор жашаган кɵчɵгɵ КРнын эмгек сиңирген экономисти жана Аксы районунун ардактуу атуулу Сонунбек Тургунбаевдин ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Сонунбек Тургунбаев атындагы көчө”- деп аталсын.
2.Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын
үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген
«КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Төрага
Н.Шадыбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики»Закон · 15.10.1997 · № 76