Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын«Ардактуу атуулу»наамдарын ыйгаруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 26-декабры № 61 Ош шаарынын«Ардактуу атуулу»наамдарын ыйгаруу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы №2-, 2016-жылдын 16-сентябрындагы №3-протоколдорун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү №43-, №44-токтомдорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча эсептөө комиссиясынын 2016-жылдын 26-декабрындагы №2 протоколунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын төмөндөгү атуулдарына «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
Ош шаардык Кеңешинин III жана IV чакырылыштарынын депутаты, ишкер Атабаев Даниярбек Сүйүновичке; милициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Мыкты салык төлөөчү» наамы ыйгарылган «Сафари» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ишкер Эргешбай уулу Курсантбекке; «Даңк» орденинин кавалери, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Камчыбеков Калматка; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун мыктысы, эмгек ардагери Эсенбаев Куттубайга.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.