Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ош шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы(IV чакырылыш)
2016-жылдын 26-декабры № 59 Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 6-декабрындагы №14 жана 2016-жылдын 14-декабрындагы №16-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарынын бюджетинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын чатырын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен үнөмдөлгөн 300 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын аягына чейинки ар түрдүү иш-чараларын каржылоо үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын жаңы Жобосунун негизинде түзүлүп жаткан жумушчу тобунун эмгек акысына ай сайын жергиликтүү бюджеттен төмөндөгүдөй үстөк акы белгиленсин:
-жумушчуларга 6875 сом. -айдоочуларга 4625 сом.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.