Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Мирмахмудов айылдык кеңешинин 32-4 «Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын «Коргошун-тала» бөлүмүндө жайгашкан муниципалдык жерде ФАП имаратын куруу жөнүндө» токтому
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз 32 сессиясы
2016-жылдын 25-октябры 32-4 Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын «Коргошун-тала» бөлүмүндө жайгашкан муниципалдык жерде ФАП имаратын куруу жөнүндө Мирмахмудов айыл аймагынын элдеринин социалдык маданий турмуш денгелин көтөрүү жана элдин ден-соолугун чындоонун мындан ары жакшыртуу максатында «Когошун-тала» айылында жайгашкан муниципалдык жер болуп эсептелген, спорт аянтчасынын түндүк батыш тарабында бош жаткан жерде,айыл калкыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен амбулатордук медициналык тейлоо үчүн фелдьшердик-акушердик пункут куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Жогорудагы максатты ишке ашыруу максатында Мирмахмудов айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин 1-2 ,15 , № 47 беренесинин 8-бөлүмүнүн негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын «Коргошун-тала» бөлүмүндө жайгашкан муниципалдык жер болуп эсептелген,спорт аянтчасынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан, бош жаткан жердин эсебинен, 600ч.м.жер аянты фелдьшердик-акушердик пункут куруу үчүн ажыратып берилсин.
2. Курулушу көздөлгөн ФАП-тын жерге жайгаштыруу боюнча иш-кагаздарын каттап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкторго үкүктүү каттоо мекемесинен суралсын.
3. Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Когошун-тала бөлүмүндө курулушу көздөлгөн ФАП-тын имаратынын архитектуралык иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы (Ш.Гаффаров) курулушу көздөлүп жаткан ФАП-тын имаратынын иш-кагаздарын даярдоо жана имартты куруу үчүн керек болгон финансалык каражаттарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
5. Жогорудагы обьекттин жерге жайгаштыруу иш кагаздарын даярдатуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси (Ю.Сайтбаевке) тапшырылсын.
6. Аталган обьекттин имараты куруп бүтүрүлгөндөн кейин Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине алынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Д.Ажибековго жуктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы жана Чапаев айылынын айыл башчысы М.Исаковторго тапшырылсын.
9. Токтом мыйзам негизинде аткарууга алынсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.Халбуваев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Постановление Правительства РК от 16 июня 1992 года N 287 "О Государственном страховом надзоре Республики Кыргызстан"Постановление · 16.06.1992 · № 287 · No longer in force
- Положение о Государственном страховом надзоре Республики Кыргызстан (утверждено постановлением Кабинета Министров Республики Кыргызстан от 5 июля 1991 года № 334)Положение · 05.07.1991 · № 334 · No longer in force