Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2018-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү №1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө» токтому
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 18-2
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2018-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү №1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 17-декабрындагы «2017-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы, жана 2018-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү № 1 жалпы жыйынынын токтомун айылдык кеёешинин депутаттары талкулап карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 17-декабрындагы 2017-жылга жайыт пайдаланууга жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2018-жылга карата түзүлгөн божомол бюжжети жөнүндөгү №1-жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №403 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668-токтомдорунун негизинде жайыт пайдалануучулар тарабынан мыйзам бузуучуларга Жазана ресурстарына мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун беруу жөнүндөгү № 515-токтомун аткарууга алуу жагы ЖПБнын төрагасы М. Мамановго тапшырылсын .
3. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл учун түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин.жана малдарын жайытка чыгарууну тиркемеге ылайык мөөнөтүндө малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын ..
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин №1 жалпы жыйынынын токтомунда бекитилген ЖПБнын төрагасы Маманов Мурзакарим үч жылдык мөөнөткө жайыт комитетинин иш пландарынын аткарылышы жүктөлсүн.
5. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамалекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын .
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилген жайыт жерин салыштыруу эсеби чыкканча пайдаланган жайыт жери 11825 га жерге мамлекеттик жайыт салыгын толоп туруу жагы белгиленсин .
7. Жайыт комитети Вет врачтар менен биргеликте пост куруп 1-марттан 1-ноябрга чейин иштеп туруу жагы бекитилсин. .
8. Жайытка мөөнөтүнөн мурун уруксаат албай жайытка чыккандар үчүн КР административдик жаза көруу мыйзамдарына ылайык иш алып барылсын .
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл чарбасы, жана жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
Ж. Нурмаматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · No longer in force