Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жошолу айылдык Кеӊешинин «Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө» токтому
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 12-июну № 5/1 Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Кооперативинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Аарычылар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13- ноябрындагы № 704 токтомунун негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн «Алай Тоо балы» товардык- сервистик Коопаративинде жаңы тукумдагы энелик аарыларды өстурүү жөнүндөгү коопаративдин жетекчиси К.Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алай районунундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн « Алай Тоо балы » товардык-сервистик коопаративи иштеп жаткандыгына байланыштуу бал челектеги энелик аарылардын жаңы тукумдагы аарыга өтүп жаткандыгынан улам бал челектерди коюучу жерлердин чек арасын тактоо жагы белгиленсин жана айыл өкмөттүн аймагындагы пайдаланылбаган жерлер «Алай Тоо балы» товардык-сервистик коопаративине ( буфердик зонага ) берилсин .
2. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол айылынын Кара-Токту участкасындагы Кызыл-Таш жайлоосуна чейинки аралыгына « Алай Тоо балы » товардык –сервистик кооперативи жаңы тукумдагы аарылар менен иштеп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү аарылардан бөлөк башка жактан бал челек киргизүүгө тыюу салуу айыл өкмөттүн жер адисине, айыл башчыларга жана кооперативдин вет.адиси Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага
К. Дейдиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 2009 года №704 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О пчеловодстве"Постановление · 13.11.2009 · № 704 · No longer in force