Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Абдрахманов айылдык кеӊешинин «Абдрахманов айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жаркаква» ишканасына «Айыл Банк» ААК аркылуу лизингке айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө» токтому
АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 21-майы № 36 «Абдрахманов айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жаркаква» ишканасына «Айыл Банк» ААК аркылуу лизингке айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде Абдрахманов айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Абдрахманов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Жаркаква» ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында»Айыл Банк»ААК тарабынан берилүүчү лизинг менен жалпы суммасы 2,600.000 (эки миллион алты жүз миӊ) сомго анын ичинен: «Амкадор ЕВ» эксковатору 1(бир) даана бирдик 2.600.000 (эки миллион алты жүз) миӊ сомго 7-жылдык мөөнөттүк,жылдык пайызы 8(сегиз) менен жогорудагы аталган техниканы, лизингке алууга уруксаат берилсин.(Тиркеме тиркелет).
2. Айыл Банк» ААК тарабынан лизинг алууда өздүк салымды камсыз кылуу үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынан 780,000 (тогуз жүз миӊ) сом акча каражатын бөлдүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У Апсатаровго милдеттендирилсин.
3. Абдрахманов айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган «Жарк-аква» ишканасына техникаларды сатып алууда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык Абдрахманов айыл өкмөтүнүн «Жарк-аква» тазалык ишканасына «Айыл банк» ачык акционердик коомунун алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
4. »Жарк-аква» тазалык ишканасына кызмат көрсөтүүчү техникаларды сатып алууда «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна лизинг катары алынуучу техниканы жана агрегаттарды алууда «Айыл Банк» ачык акциоенрдик коому менен келишимдерди кол коюга жана башка лизинг катары техниканы шаймандарды алууга аракет бүтүмдөрдү аткарууга «Жарк-аква» тазалык ишканасынын башчысы А.Баракановага укук берилсин.
5. Лизингдин негизги каражаттарын жана пайыздарын графиктин негизинде төлөп туруу жагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктунун 1,2 подпунктарына ылайык жетишпеген каражатын жергиликтүү бюджетинен жана Абдрахманов айыл аймагынын кызмат көрсөтүүчү «Жарк-аква» ишканасына төлөп туруу жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы У С Апсатаровго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Б.Исмаилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 6
Related documents (6)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Гражданский кодекс Кыргызской Республики Часть IКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О финансово-экономических основах местного самоуправления»Закон · 25.09.2003 · № 215 · No longer in force
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 27.06.2010 · No longer in force
- Закон «Об объединении Ляйлякского района и города Сулюкта Ошской области Кыргызской Республики в единую административно-территориальную единицу»Закон · 30.09.1998 · № 127 · No longer in force