Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
КР Конституциялык сотунун («Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункттарын Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктуна, 16-статьясынын 18 жана 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна жана 22-статьясынын 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу директору И.Э.Мамазаированын өтүнүчү боюнча) чечими
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН
ЧЕЧИМИ
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-
статьясынын 4 жана 5-пункттарын Конституцияга ылайык эмес жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктуна,
16-статьясынын 18 жана 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна
жана 22-статьясынын 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу
жөнүндөгү «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу
директору И.Э.Мамазаированын өтүнүчү боюнча
12-май 2006-жыл Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрага Ч.Т.Баекова,
Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - П.Н.Дрыжак,
А.С.Кененсариев, Ж.Ж.Тогойбаев, К.Э.Эсеналиев жана
К.Э.Эсенкановдордун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: 18-апрель
2006-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенишкен «Мэри-клуб»
жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрү, Инаят Эркиновна
Мамазаированын жана Абдырахман Исакович Сыдыковдун, 20-апрель 2006-
жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин өкүлү Анарбек Сүйүнкулович Шерикуловдун
катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-
статьясынын 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-статьясын жана "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-
статьясын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта «Кыргыз
Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын
4жана 5-пункттарын Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктуна, 16-
статьясынын 18 жана 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пунктуна жана
22-статьясынын 1-пунктуна "карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү
«Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу директору
И.Э.Мамазаированын өтүнүчүн карады.
Судья А.А.Суталиновдун баяндамасын, «Мэри-клуб» жоопкерчилиги
чектелген коомдун өкүлдөрү И.Э.Мамазаированын, А.И.Сыдыковдун,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү А.С.Шерикуловдун жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Ю.Ж.Тойчубековдун сөздөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 10-апрель 2006-жылы
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын
11-статьясынын 4 жана 5-пункттарын Конституцияга ылайык эмес
жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунк-
туна,16-статья сынын 18 жана 19-пункттарына, 17-статьясынын 1-пун-
ктуна жана 22-статьясынын 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу
жөнүндөгү «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу
директору И.Э.Мамазаированын өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтү негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөр келтирилет. «Кыргыз
Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын 4
жана 5-пункттарына ылайык аймактык принциптерди эске алуу менен
казинолорду жайгаштырууга квоталар белгиленген же Бишкек шаарында он
казино, Ош шаарында үч казино, Ысыккөл областында төрт казино,
калган областтык борборлордо бирден казино жайгаштыруу белгиленген.
Аталган Мыйзамдын бул ченемдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын
Каржы министрлиги «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун
алдындагы казинолорго лицензия берүүдөн баш тарткан.
Ошондуктан, аталган Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункт-
тары менен белгиленген квоталар мыйзам алдында бардык адамдар бир-
дей деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын
3-пунктунун
талабын бузат, анткени бул квотаны аныктоо менен «Мэри-клуб»
жоопкерчилиги чектелген коомун ишкердик менен алектенүү укугунан
ажыратып, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги казинолорду
иштетүүгө лицензия берүүдө тандап мамиле жасады. Мунун кесепетинен
алар лицензиясыз калып Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-
статьясынын 18 жана 19-пункттарына ылайык мыйзам менен тыюу
салынбаган экономикалык эркиндик, экономикалык ар кандай ишмердүүлүк
үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн жана мүлкүн эркин пайдалануу, эркин иштөө
укугунан ажырады. Ошондой эле, аталган мыйзам ченеми Кыргыз
Республикасында адам укугун жана эркиндигин жокко чыгарган же
кемсинткен мыйзамдар чыгарылбаш керек жана мыйзамдар бардык
адамдарга карата бирдей колдонулушу керек деген Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 17-статьясынын 1-пунктунун жана
22- статьясынын 1-пунктунун талаптарын бузат.
Соттук жыйналышта «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун
өкүлдөрү И.Э.Мамазаирова жана А.И.Сыдыков өтүнүчтү колдошуп, аны
канааттандырууну сурашат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү А.С.Шерикулов
өтүнүчтүн жүйөөлөрү менен макул болду жана аны Конституциянын
чегинде чечүүгө жатат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, иштин материалдарын
карап чыгып жана тараптардын түшүнүктөрүн угуп, өтүнүч төмөндөгү
негиздер боюнча канааттандырылууга жатат деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-
статьясынын 4-пункту менен аймактык принципке негизденип, Кыргыз
Республикасынын калктуу конуштарындагы айрым администрациялык-
аймактык бирдиктеринде казинолорду жайгаштыруунун гөмөндөгүдөй
квоталары аныкталган-Бишкек шаарында он казино, Ош шаарында үч
казино, ал эми Ысыккөл областы үчүн 5-пункту менен квота, областтын
республикалык маанидеги ден соолукту чыњдоочу жай экенин эске алып,
төртказино аныкталган. Калган областтык борборлордо бирден казиного
квота аныкталган.
Мыйзамдын ушул ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Каржы
министрлиги 26-апрель жана 15-сентябрь 2005-жылдагы каттары менен
Бишкек шаарында он казиного лицензия берилип кеткендигине
байланыштуу «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомуна казино
ачууга лицензия берүүдөн баш тарткан.
Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Ю.Ж.Тойчубеков- чынында эле лицензия «Кыргыз Республикасындагы оюн-
зоок иши жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенден кийин бир айдын и-
чинде эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан он
казиного берилип, калган талапкерлердин кайрылуулары канааттан-
дырылбаган.
Лицензия берүүнүн алдында тандоо тендери же конкурс жарыяланган
эмес, анткени мыйзамдын өзүндө квотаны чектөө шарттары аныкталбай
калган. Бүгүнкү күндө миллиондогон киреше алып жаткан казинолор он
жылдык мөөнөткө алган лицензиясы үчүн 300 сом бир жолу гана төлөсө,
ошондой эле 300 сомду ар бир айда патент үчүн токоч жапкан ишкерлер
да төлөйт. «Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун лицензия
албай калуусу менен анын конституциялык укуктары бузулган деп
көрсөттү.
Кыргыз Республиканын Конституциясында жана мыйзамдарында казино оюн-
зоок иштерин уюштуруу жана жургүзүү ишаракеттерине тыюу салынган
эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-статьясынын 1 -
пунктунда Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын бирикмелерине
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында тыюу
салынгандардан, чектөө коюлгандардан башка бардык ишаракеттерди
жүргүзүүгө уруксат берилет деп көрсөтүлгөн, ал эми каралып жаткан
мыйзам ченемдери чектөөнүн экономикалык шарттарын аныктабастан
казинолордун санын гана чектеши Конституциянын бул талаптарына
карама-каршы келет.
Ошондой эле, мыйзам тарабынан казино ачууга чектелген жарандардын
белгилуу санына уруксат берилип, калгандарынын мындай мүмкүнчүлүктөн
ажыратылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-
пунктунда Кыргыз Республикасында мыйзам алдында бардык адамдар
бирдей, эч ким коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана
жагдайлар боюнча ыдык көруп, укугу жана эркиндиги кысымга алынбайт
деген принципке карама-каршы келет.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө»
Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5 пункттары Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 22-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жарандардын
укуктары менен милдеттери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары бардык жарандарга карата бирдей колдонулууга жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясында, жарандарды социалдык жактан коргоо
мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын бирине да эч
кандай артыкчылык жана жењилдик берилбөөгө тийиш деген талабына да
карама-каршы келет.
Ошондой эле, аталган мыйзам ченемдери, казинолорду жайгаштыруу санына
чектөө коюу менен казино ачыш үчүн лицензия алууга аракет кылган
жарандардын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясынын
18-пункту кепилдикке алган, ар бир адам экономикалык эркиндикке,
мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишаракеттер үчүн
жөндөмүн жана мүлкүн эркин пайдаланууга болгон конституциялык укугун
бузат.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 82-статьясынын 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз
Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-
статьяларын, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү
жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11, 13, 14, 24, 25, 29 жана 30-статьяларын
жетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-
статьясынын 4 жана 5-пункттары Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктуна, 21-
статьясынын 1-пунктуна жана 22-статьясынын 1-пунктуна карама-
каршы келет деп табылсын.
«Мэри-клуб» жоопкерчилиги чектелген коомдун өтүнүчү
канааттандырылсын.
2.«Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын
4 жана 5-пункттарынын аракети жокко чыгарылсын.
3.Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик
органдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга
тийиш.
4.Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостторуна",
"Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине
жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун
Торагасы Ч.Т.Баекова
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун
Секретары А.С.Кененсариев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 4
Cited by (1)
- Постановление Правительства КР от 14 мая 2008 года № 223 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в…Постановление · 14.05.2008 · № 223 · No longer in force
Related documents (4)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.1993 · No longer in force
- Закон «Об игорной деятельности в Кыргызской Республике»Закон · 26.07.2004 · № 95 · No longer in force
- Закон «О конституционном судопроизводстве Кыргызской Республики»Закон · 18.12.1993 · № 1337-XII · No longer in force
- Закон «О Конституционном суде Кыргызской Республики»Закон · 18.12.1993 · № 1335-XII · No longer in force