Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XXXX сессиясы
2016-жылдын 17-ноябры № 303/40-6 Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2016-жылдагы №01-1/1399 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаарынын инфраструктурасын ондоо жана калыбына келтирүү боюнча приоритеттүү зарыл объектилерди ишке ашыруу үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондусунан акча каражат суроо максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Бердике Баатыр, Оторбаев, Ш.Шеркулов, К.Нуржанов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн жалпы 14529445 (он төрт миллион беш жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз кырк беш) сомго долбоор сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы
А. Джузупбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 10 ноября 2014 года № 633 "Об утверждении Типового положения о порядке формирования фондов развития регионов"Постановление · 10.11.2014 · № 633 · No longer in force