Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын өзгөртүп маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына кою жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 7-декабры № 19 Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын өзгөртүп маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына кою жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы №01-15/334 Ноокат шаардык кеңешине жазган катын талкуулап, Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы мектебинин чогулушунун 2016-жылдын 2-сентябрындагы №-1 протоколунун, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар" жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү" жобого ылайык Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушун карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын 13-сатьясында белгиленген "Билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын атын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын макулдугу менен жүрүзүлөт"-деген көрсөтмөсүнө ылайык макулдук алуу жагы Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Гафаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 1
References (3)
- Закон «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 21.07.2008 · № 159
- Закон «Об образовании»Закон · 30.04.2003 · № 92 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67