Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын резолюциясы жөнүндө» тоткому
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-июлу № 8/30 Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын резолюциясы жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 59–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын 7–главасынын 53–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайы кабыл алган резолюциясын ишке ашыруу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайы кабыл алган резолюциясы алымча кошумчалары менен бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет). Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. Уставды Баткен облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы шаардын мэриясына тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” 2017-жылдын 5-январындагы №1-Жарлыгын ишке ашыруу боюнча кабыл алынган иш чаралар планын толук аткарууну камсыз кылуу жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жана шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырылсын. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын шаардык кеңеш тарабынан бекитилген резолюциясын ишке ашыруу шаардын мэриясына, менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын, уюмдардын жетекчилерине, “Караван” аймактык башкармалыгынын башчысына, айыл башчыларына, АТО башчыларына, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына жана жалпы шаардын коомчулугуна милдеттендирилсин. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын резолюциясынын аткарылышы боюнча шаардын активи менен өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде, элдик жыйындарда маалымат берип туруу жагы шаардын мэриясына тапшырылсын. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын бекитилген резолюциясынын талаптарын, шаардык кеңештин ушул токтомун бузгандардан административдик комиссиянын чечими менен алынуучу айып акчаларды түшүрүү үчүн атайын эсеп ачуу жагы шаардын мэриясына тапшырылсын. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүгүнүн VI чакырылышынын I Элдик Курултайынын резолюциясын жана ушул токтомду түшүндүрүү жана аткаруу боюнча жер жерлерде комиссия түзүлсүн. Комиссия курамына депутаттар, айыл башчылары, кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жаштардын өкүлдөрү жана аймактык тескөөчү сунушталсын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
У. Дарипова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force