Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талас шаардык кеңешинин /39-6 «Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XXXIХ сессиясы
2016-жылдын 11-ноябры № 298 /39-6 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 93 /10-6 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Талас облустук Прокуратурасынын 04.11.2016-жылдагы 11/4-16 чыгыш сандуу Каршылык билдирүүсүнүн негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №93/10-6 сандуу “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын Талас шаарынын № 5 мектебине жайгаштырууга макулдук жөнүндө токтомун Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 46-беренесинин талаптарына ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы 93/10-6 сандуу “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын № 5 мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылсын.
2. 2017-жылдын январь айына карата “Элдик-Нан” муниципалдык ишканасын (боордош Түркия мамлекетинен бекер келген нан бышыруучу кичи заводду жабдыктары менен) № 5 мектептин имаратынан алып, башка имаратка көчүрүү жана иштетүү жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (Мэр А.К.Кушубековго) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы
А. Джузупбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
- Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы 20-февралындагы № 93/10-6 (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтомуПостановление · 20.02.2014 · № 93/10-6 · No longer in force
References (1)
- Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы 20-февралындагы № 93/10-6 (Элдик нан” муниципалдык ишканасын №5 орто мектептин базасында жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө) токтомуПостановление · 20.02.2014 · № 93/10-6 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об образовании»Закон · 16.12.1992 · № 1074-XII · No longer in force