Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Корул айылдык кеңешинин «2016-2017-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 36-заседаниясы
2016-жылдын 19-августу № 36/3 2016-2017-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна таянып, 2016-2017-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгын талкуулап, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерди 2016-2017-жаңы окуу жылына даярдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык жаш мугалимдерге жана окуу жайын жаңыдан бүткөн жаш кадрлардын материалдык абалын жакшыртып, ар тараптуу жардам берүү жагын колго алуу, мектептерде билим сапатын жогорулатууга, окуучуларды райондук, облустук олимпиадаларга катыштырууга көңүл бөлүп, мектеп окуучуларына бирдей формага өтүү жагы, мектеп директорлоруна тапшырылсын.
3. Мектептердеги от казаны жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн лабораториядан өткөрүү жана талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыз кылуу, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, техникалык коопсуздук боюнча ишти жандандыруу, суу көлмө менен камсыз кылып, айланадагы эгилген бак-дарактарга кам көрүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Билим берүү мекемелериндеги Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата иш кагаздарды жана көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде так, туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы
Т. Маназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О статусе учителя»Закон · 14.01.2001 · № 9 · No longer in force