Ак Сай айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш) 2017-жылдын 29-сентябры №4 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21, 2017-жылдын 01-июнундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын санитардык абалын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай, Керме-Тоо жана Көчө-Карын участкаларынан турмуш тиричилик таштандыларын ташоочу жай үчүн 1гадан жалпы 3га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлүн.
Төрага
С.Анаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования»Закон · 01.06.2017 · № 95
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 19.03.2016 · № 21 · No longer in force