Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Суу айылдык кеңешинин «ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин IV сессиясы (VII чакырылыш)
2017-жылдын 29-марты №3 ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Кароосай” участкасынан 14,0 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген жер аянтын трансформациялоо Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин.
4. Жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
6. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага
Т. Эшалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2006 года № 261 "Об утверждении Положения о предоставлении земельных участков под недропользование"Постановление · 12.04.2006 · № 261 · No longer in force
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О недрах»Закон · 09.08.2012 · № 160 · No longer in force
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force