Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушуна айыл өкмөтүнүн жер аянтынан 1 (бир) сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин жыйырма үчүнчү сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 21-майы № 23\2 Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушуна айыл өкмөтүнүн жер аянтынан 1 (бир) сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 25.06.2015-жыл № 82 “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырманчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын 20-январь 2016-жыл № 20 \ 4 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө турмушка ашыруу жана Коомдук алдын алуу борборунун курамына, коомдук башталыштагы аксакалдар сотуна, ардегерлер кеңешине, аялдар кеңешине, жаштар кеңешине, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жакшы шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушуна айыл өкмөтүнүн жер аянтынан 1 (бир) сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаны имарат курулушунун жер аянтын чектеп жана ченемдик укуктук актыларын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевге жүктөлсүн.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушунун архитектуралык пландоо шарттарын (АПЗ) даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар курулуш башкармачылыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
А.Мойдунова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 4
Related documents (4)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 747 "Об утверждении Типового устава общественно-профилактического центра"Постановление · 27.10.2015 · № 747
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 20\4 "Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 20.01.2016 · № 20/4
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности»Закон · 14.06.2005 · № 76 · No longer in force