Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токмок шаардык кеңешинин «“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 79/14-4 “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2017-жылдын 08-июнундагы чыг.№1076/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына колдонулган жаратылыш газы үчүн Токмок ш. ММБсы аркылуу “Мамлекеттик финансылык эмес ишканаларга субсидиялар” 2511-беренеси боюнча “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга республикалык бюджеттен келип түшкөн 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” МИси тарабынан алынган акча каражаттар максаттуу багыты боюнча так пайдаланылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3
- Постановление Токмокского городского кенеша от 27 июня 2018 г № 145/22-4 "О ходе выполнений и о снятии с контроля постановлений Токмокского городского кенеша"Постановление · 27.06.2018 · № 145/22-4
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force