Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 83/14-4 Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Н.Н.Кошоевдин 30.05.2017-ж. №1007 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2009-жылдын 18-августундагы №121/20-2 токтому менен бекитилген Токмок шаарын көрктөндүрүү Эрежелерине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Тиешелүү жөндөмөлөрдө “Токмок ш. КИК (Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинаты)” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдө “же башка ТККны жыйноону жана ташып чыгарууну уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу юридикалык же жеке жактар” деген сөздөр кошулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
- Постановление Токмокского городского кенеша от 18 августа 2009 года №121/20-2 "О повторном утверждении редакции Правил благоустройства г. Токмок"Постановление · 18.08.2009 · № 121/20-2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force