Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин «Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-августу № 24/125 Кош-Дөбө айыл аймагынын жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдиги тууралу келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө № 145 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кош-Дөбө айыл аймагынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен, түзулгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Кош-Дөбө айыл аймагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысына келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарынын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмол жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Төрага
А. Байташов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 17 марта 2014 года № 145 "О делегировании органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий"Постановление · 17.03.2014 · № 145
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force