Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кербен шаардык кеңешинин «Кербен шаарынын борбордук базарынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Орозов Абдыгапар Айылчиевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 16-августу № 24/15 Кербен шаарынын борбордук базарынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Орозов Абдыгапар Айылчиевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө «КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесин ылайык, Кербен шаарынын Кербен шаарынын борбордук базарынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Орозов Абдыгапар Айылчиевичтин ысмын ыйгаруу боюнча көчөнүн жашоочуларынын №1 токтомун жана Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 12-августундагы № 28 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Кербен шаарынын борбордук базарынын алдындагы көчөгө эмгек ардагери Орозов Абдыгапар Айылчиевичтин ысмы ыйгарылсын жана бул көчө “Орозов Абдыгапар атындагы көчө” деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап берсин. Анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Ат коюу салтанатын уюштуруу, Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www.Kerben.Aksy» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага
К. Бостонов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67