Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Таш айылдык кеңешинин «Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө» токтому
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 18 сессиясы (бешинчи шайланган)
2016-жылдын 22-февралы № 18/1 Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2016-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, Ак-Таш айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында талкуланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2015-жылда 13033,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11658,8 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 2136,7 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 2136,7 миң сом өлчөмүндөгү калдык кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2016-жылга карта Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жалпысы 10845,0 миң сом анын ичинен атайын счет 2004,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга карата планы 11231,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга карата 11456,5 сомго жеткирүү жагы каралсын.
6. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата 11656,5 сомго жеткирүү жагы каралсын.
7. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 19 штат анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү адис коэффициенти менен), кенже кызматкерлерге 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
8. 2016-жылдын бюджетин аткарууда Ак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Абдиллажановага жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, толуктоо укугу берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К. Орунбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2013 года № 384 "Об условиях оплаты труда государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2013 · № 384 · No longer in force