Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Оргочор айылдык кеңештин «Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө» токтому
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 139 Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 337-339-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Премьер- Минисрти Т.А. Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу жана айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси Т. Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 26-чакырылышынын 34-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык:
- калктуу конуштардын жерлери жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 минден 10 минге чейинки калктуу конуштардын жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.
- калктуу конуштардын чек арасынан тышкаркы жайгашкан жерлер жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 миңден 10 миңге чейинки жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.
2. Токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы У. Асамбаевка тапшырылсын.
3. Токтом 2016-жылдын 4-январынан баштап күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К. Супатаевка милдетендирилсин.
Төрайым
В. Атакозуева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force