Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дара айылдык кеңешинин «Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-февралы № 7 Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин. (№1тиркеме);
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага
А. Мажилимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force