Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Семиз-Бел айылдык кеңешинин «2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ» токтому
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2016-жылдын 24-марты № 28/2 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ " Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесинин жана "Жайыттар жѳнүндѳ" Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ" 2013-жыл 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүγ жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы Ч. Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки - 12 сом
2. Жылкы - 60 сом
3. Уй - 60 сом
4. Эшек - 60 сом
2. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой, эчки - 24 сом
2. Жылкы - 120 сом
3. Уй - 120 сом
4. Эшек – 120сом
3. 2016-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоев жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч. Алжанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага
М. Буканбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · No longer in force
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · No longer in force