Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кең-Арал айылдык кеңешинин «Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-майы № 11 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Кең-Арал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева Г.) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Төрага
И. Изаканов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · No longer in force