Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 9-декабры № 140/17-6 Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын жобосун бекитүү жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык прокуратурасынын 2014-жылдын 2-августундагы №11/3-14 сандуу каршылык билдирүүсү жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө 2014-жылдын 15-майындагы толукталган мыйзамына ылайык Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын толукталган жобосун бекитүү жөнүндө Талас шаардык башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 2-декабрындагы 01-4/1346 сандуу катын Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 2-декабрындагы протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2011-жылдын 15-декабрындагы №201/33-5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын кайрадан толукталган Жобосу бекитилсин. (Тиркелет: Жобо)
3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага
А. Джузупбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 1 · related 2
Cited by (1)
References (1)
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын жобосу (Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын “9”- декабрындагы № 140/17-6 менен бекитилген токтому) жобоПоложение · 09.12.2014 · № 140/17-6