Төрт-Гүл айылдык кеңешинин «Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-июлу № 6 Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун 2014-жылдын 24-мартындагы № 13/11 токтомунун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 15-февралындагы № 01-14/у 08-буйругунун негизинде Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштарынын жана жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, депутаттардын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунун Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фонду баяндаманын негизинде бекитилсин. (баяндама тиркелет)
2. Төрт-Гүл айыл аймагында калктуу конуштардын чек арасын жана жер фондусунун инвентарлоону бекитүү Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага
М. Жалалов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2014 года № 114 "О проведении инвентаризации земельного фонда Кыргызской Республики"Постановление · 03.03.2014 · № 114 · No longer in force