Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сары-Булак айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө» токтому
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2016-жылдын 6-июлу № 21/141 Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси А. Майлыбашовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.К. Элтуйбасов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.