Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-ж. кезектеги XXXII сессиясынын № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХIV сессиясы
2016-жылдын 8-июлу № 6 Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-ж. кезектеги XXXII сессиясынын № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XXXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 2016-жылга бекитилген сметасында 704 аскер бөлүгүнүн дааратканасынын ремонтуна каралган 400,0 миӊ сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетине жылдырып жана каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 2016-жылга бекитилген сметасында ар турдуу чыгымдар беренесинде шаардык кеӊештин кызматкери Г. Осмоновага материалдык жардамга каралган 25,0 миӊ сом акча каражатты шаардык Боорукердик борборуна жылдырып жана каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2015-жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн бекитилген пландан ашыкча түшкөн каражаттын (4981,4 миӊ сом) 3 % (149,4 миӊ сом) Мамлекеттик салык кызматынын органдарын социалдык өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондусуна жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга бекитилген планынан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Крупская көчөсүнүн канализациясын орноштурууга каралган 50,0 миң сом акча каражаты Кайрымдуулук Борборуна жылдырып, Б.Игамбердиевага материалдык жардам катары каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. «Тазалык» муниципалдык мекемесинин экологиялык паспортун жаңылоо үчүн 110,0 миң сом жана мекеменин коопсуздугунун техникалык шарттарын жасатууга 40,0 миң сом, жалпысы 150,0 миң сом акча каражатын мекеменин атайын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатынан каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Жлал-Абад шаарынын № 13 орто мектебинин ремонт иштерин аяктоо үчүн 420,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга бекитилген планынан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин
7. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы тийиштүү мекеменин жетекчисине жүктөлсүн.
9. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Э. Ормоков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · No longer in force
- Закон «О государственной налоговой службе Кыргызской Республики»Закон · 23.01.2009 · № 24 · No longer in force
- Закон «О финансово-экономических основах местного самоуправления»Закон · 25.09.2003 · № 215 · No longer in force