Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын протести жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
2016-жылдын 8-июлу № 1 Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын протести жөнүндө Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын 27.05.2016-жылдагы чыг.№ 11/2-5-462-16 каршылык билдирүүсүн Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясы карап чыгып, каршылык билдирүүдө келтирилген себептер жүйөлүү эместигин белгилеп, Тарсус кичи көчөсүндөгү муниципалдык батирлерге керектүү коммуникацияларын (суу, электрэнергиясын, жол, канализация) жашоочулар жеке каражаттарынын эсебинен киргизгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктуну 4-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.06.2015-жылдагы № 200-токтомун эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXХIV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын чыг.№ 11/2-5-462-16-каршылык билдирүүсү канааттандыруусуз калтырылсын
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына Тарсус көчөсүндөгү муниципалдык батирлерге жана батирлер турган жер тилкелерине тийиштүү болгон токтомдорду калыбына келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана аткарылгандыгы тууралуу маалыматты мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө шаардык кеӊешке берүү жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Э. Ормоков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Жилищный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 09.07.2013 · № 117