Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кыргызстан айылдык кеңешинин «Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргызстан айылдык кеңешинин I сессиясы
2015-жылдын 11-февралы № 4 Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы жиберген 31.12.2014-жылдын чыгыш № Т-0376 сандуу катын карап чыгып Кыргызстан айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын токой Кодексинин 81-беренесине ылайык токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш аракеттери жүргүзүлсүн.
2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн аймагындагы борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.
3. Кесилген бутактар Кыргызстан айыл аймагынын жакыр үй-бүлөлөрүнө (отун) жардам катары берилсин, көзөмөлдөө жагы соц адис Т.Джунусовага милдеттендирилсин.
4. «Наристе» бала бакчасынын бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча комиссиянын мүчөсү С. Кушиевге жүктөлсүн.
Төрага
К. Оморов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Лесной кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 08.07.1999 · № 66