Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 231 «Иш кагаздарын жүргүзүү кызмат ордун ачуу жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2016-жылдын 25-апрели № 01-05/ 231 Иш кагаздарын жүргүзүү кызмат ордун ачуу жөнүндө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» № 499 токтомунда белгиленген мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган, иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүм каралсын деген пунктуна таянып келишимдин негизинде бир штаттык бирдикти жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачууну карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы № 499 токтомун жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 22-февралындагы № 01-13/40-б буйругуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 09-сентябрындагы № 499 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтыган иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар кызмат ордунун (архивариус) бир штаттык бирдиги 1650 (бир миң алты жүз элүү ) сом айлык маянасы менен Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине бекитилсин .
3. Мекеменин архиви үчүн жооптуу кызматкердин функционалдык милдеттери жана иш планы шаардын мэри бекитип берген функционалдык милдеттер жана иш пландар боюнча иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын .
Төраганын орун басары
А. Нусупбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Постановление Правительства КР от 23 июля 2012 года № 517 "О Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике"Постановление · 23.07.2012 · № 517 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 9 сентября 2013 года № 499 "О внесении изменения и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Типовой инструкции по…Постановление · 09.09.2013 · № 499 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force